АК-ТЕКТИР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-ТЕКТИР ‒ Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. Чолпон-Ата айыл аймагына караштуу. Узун-Акмат суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарынан 55 км батыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 245 км. 1972-жылы отурукташкан. Деӊиз деӊгээлинен 1140 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2 682 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.