АК-СУУ Суусамырдын сол куймасы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ, И й р и - C у у ‒ Жумгал районундагы суу, Суусамырдын сол куймасы. Узундугу 41 км, алабынын аянты 218 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталынан башталып, жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу түндүккө, бара-бара түштүк-батыш тарапты карай агып, Суусамырга куят. Куймалары: Бөйрөк, Бадал-Таш, Кара-Төр, Жинди-Суу ж. б. Апрелде кирип, октябрда тартыла баштайт. Жылдык орточо чыгымы 2,56 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Тунук кыштагы жайгашкан.