АК-СУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ МӨҢГҮСҮ ‒ Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы татаал-өрөөн тибиндеги мөӊгү. Исфара суусунун алабында жайгашкан. Узундугу 11,4 км, аянты 17,4 км2, абляциясынын аянты 4,6 км2. Көлөмү 1,6 км3. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 4500 м, этеги 3140 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3680 м. Этегинин 3,4 кмдей жери калыӊ шагылдуу мореналар менен капталган. Дого сымал аскалуу тик капталдардан салаалаган мөӊгү тармактары кошулуп, бир чоӊ татаал мөӊгүнү түзөт. Четки жана аяккы мореналар жакшы өрчүгөн. Мөӊгү жылына 10‒15 мге чегинүүдө. Андан Ак-Суу суусу башталып, Исфаранын сол курамы Каравшинге куят.