АК-СУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ ‒ дарыланууга жарамдуу ысык булактар. Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу кыштагынан 4‒5 км түштүк тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк этегиндеги Ак-Суу өрөөнүндө, деӊиз деӊгээлинен 1950‒2500 м бийиктикте. Андан 8‒10 км түштүк тарапта өрөөндүн баш жагында Алтын-Арашан минералдуу суусу чыгат. Курамы жана дарылык касиети боюнча бул эки булак бири-биринен көп айырмаланбайт. Суу палеозой заманынын башында пайда болгон гранит-порфирлердеги майда жаракалар аркылуу жер бетине агып чыгат. Суу ысык (57‒60°), тунук, аз минералдашкан (0,3‒0,4 г/л), курамы сульфат-хлорид-натрийлүү. Радиоактивдүүлүгү төмөн (радондун концентрациясы Махе бирдигинде 0,4‒5,6). Суудан азот газы (95‒99%) бөлүнүп турат. Суунун орточо чыгымы 18 г/сек (1961). Суу менен муун, сөөк, жарат, нерв ооруларын, балдардын шал оорусун дарылоого болот, к. Ак-Суу санаторийи .