АК-САЙ СЫМАП КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-САЙ СЫМАП КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Үч-Коргон кыштагынан 8 км, Кызыл-Кыя шаарынан 15 км түштүк-батышта, Алыш тоосунун түндүгүндө, деӊиз деӊгээлинен 1200‒1500 м бийиктикте. 1962‒92-жылдарга чейин мезгил-мезгили менен издөө жана чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбондун карбонат-терриген тектеринен түзүлгөн. Жалгыз минералдуу (киноварь) сымап кенташы (рудасы) акиташ жана аны жаап турган терриген тектеринин кошулган жериндеги жаспероиддер жана акиташ-жаспероид брекчиялар тулкуларына топтолгон. Кенташтагы сымаптын орточо өлчөмү 0,24%. Кенташтын С2 категориясы боюнча запасы 92,5 миӊ т, андагы сымаптын запасы 222,2 т.