АК-МУЗ - Ат-Башы районундагы кыштак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-МУЗ – Нарын облусунун Ат‑Башы районундагы кыштак. Ак‑Муз айыл аймагынын борбору. Бо­ронду суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2400 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-­Башы кыштагынан 32 км чыгыш тарапта. Балык­чы темир жол бекетинен 280 км. 1930‑жылы оту­рукташкан. Калкы 4 353 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепка­на, оорукана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.