АК-КЫЯ КӨРҮСТӨНҮ
АК-КЫЯ КӨРҮСТӨНҮ – 1–5‑кылымдарга таандык байыркы көрүстөндөр тобу. Нарын облусунун Ак-Талаа районунан табылган. 1‑көрүстөн Ак‑Кыя жана Көк‑Жар айылдарынын ортосунда; 4 дөбө-мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,3‑0,6 м, диаметри 6–8 м. Үстү томпок сымал. 2‑көрүстөн Ак‑Кыя айылынан чыга бериште жайгашкан; 4 таш дөбө-мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,1–0,5 м, диаметри 6–12 м. 3‑көрүстөн Ак‑Сай айылынан 500 м чыгышта, 16 таш дөбө‑мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,1–1 м, диаметри 7‑13 м. 4‑көрүстөн үчүнчү көрүстөндүн 400 м түндүк жагында; 12 мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,3–0,9 м, диаметри 7–10 м. 5‑көрүстөн Ак‑Кыя айылынан 3–4 км чыгышта, Нарын дарыясынын оң өйүзүндө; 10 таш дөбө‑мүрзөдөн турат. Айыл чарба иштеринин натыйжасында көбү түзөлүп калган. Көрүстөндөрдү 1983‑жылы М. И. Москалёв тапкан. Археологиялык казуу иштери жүргүзүлгөн эмес.
М.И.Москалёв.