АК-КЫЯ
Jump to navigation
Jump to search
АК-КЫЯ – Ош облусунун Кара‑Кулжа районундагы кыштак. Кара‑Кочкор айыл аймагына караштуу. Ак-Кыя суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1430 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 8 км. Кара‑Суу темир жол бекетинен 86 км. 1936‑жылы отурукташкан. Калкы 2 912 (2022); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.