АК-КУЙРУК СУУ БҮРКҮТҮ
Jump to navigation
Jump to search
АК КУЙРУК СУУ БҮРКҮТҮ (Haliautus albicilla) – суу бүркүттөр тукумундагы ири куш. Кара күрөң түстө, куйругу ак, тумшугу, көзү, буттары сары. Ал Чүй өрөөнүндө жана Ысык‑Көл ойдуңдарында чанда жолугат. Бул түр ноябрдан апрелге чейин Ысык‑Көлдө кыштайт. Алар негизинен балык, кээде ондатр, өрдөк, каз менен азыктанат. Көлдөгү балыктардын азайышына байланыштуу бул түр азаюуда. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.