АК-КОЙЛУУ
АК-КОЙЛУУ (түрк. – Ак‑Коюнлу) – 14–15‑кылымдарда Тигр дарыясынын баш жагындагы жерлерди мекендеген огуз‑түрк урууларынын бирикмеси жана ошол бирикменин башында турган династиянын аталышы. Ак-Койлуулар тууралуу алгач 1340‑жылы Византия хроникаларында эскерилет. Узун‑Хасандын тушунда (1453‑78) Кара‑Койлуулар мамлекетин талкалап (1468), Арменияны, Азербайжанды, Батыш Иранды, Иракты басып алып, борбору Тебриз шаары болгон мамлекет түзгөн. Ак-Койлуу мамлекетинин эл аралык саясатта кадыр‑баркы жогорулап, 1463‑жылы Венеция, Рим папасы жана Венгрия Ак-Койлуу менен Осмон империясына каршы союз түзүшкөн. 15‑кылымдын аягында өлкөнүн ичиндеги жер ээлеринин өз ара согуштары, элдин нааразылыгы Ак-Койлуу мамлекетин начарлаткан. 16‑кылымдын башында Исмаил Сефеви башында турган кызыл баштар (көчмөн түрк уруулары) Ак-Койлуу мамлекетин талкалап, каратып алышкан жана Исмаилди шах көтөрүшүп, Сефевиддер мамлекетин негиздешкен.