АК-КАШАТ
Jump to navigation
Jump to search
АК-КАШАТ – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Жаңы‑Пахта айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 35 км түштүк-батыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 37 км. Деңиз деңгээлинен 600 м бийиктикте жайгашкан. 1933‑ж. отурукташкан. Калкы 504 (2022); негизинен жашылчачылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, бала бакча, ФАП, китепкана, ашкана бар.