АК-ЖОЛ - Сокулук районундагы кыштак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-ЖОЛ (1983‑жылга чейин Раздольный) - ­Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Ат‑Башы айыл аймагына караштуу. Бишкек – «Манас» (аэропорт) автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 685 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 30 км түштүк-чыгыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 30 км. Калкы 4965 (2022); негизинен мал чарбасында эмгек­тенет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана, ФАП бар.