АК-БУУРА
Jump to navigation
Jump to search
АК-БУУРА – Кара‑Суу жана Ноокат райондорунун аймактары аркылуу аккан суу, Кара‑Дарыянын сол куймасы. Узундугу 136 км, алабынын аянты 2540 км2. Алай кырка тоосунун түндүк капталынан башталып, Ак‑Буура капчыгайы аркылуу агат. Жогорку агымы Кичи Алай, ортоңкусу Турук деп аталат. Ак-Буура Ош шаары аркылуу агып өтөт. Куймалары: Челкилдек, Кырк‑Кечүү, Талды‑Булак, Кош‑Мойнок (оң), Жиптик‑Суу, Чугам, Талды-Булак (сол). Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 21,4 м3/сек; байкалган эң көп чыгымы – 331 м3/сек (03.06.53), эң азы – 6,25 м3/сек. Негизинен сугатка пайдаланылат. Ош шаарын суу менен камсыз кылат. Боюнда Төлөйкөн, Турук, Папан ж. б. кыштактар жайгашкан.