АК-БУЛУҢ
Jump to navigation
Jump to search
АК-БУЛУҢ – Ысык‑Көл облусунун Ак‑Суу районундагы кыштак. Ак‑Булуң айыл аймагынын борбору. Ысык‑Көл ойдуңунун чыгышында Тескей Ала‑Тоонун этегинде, Түргөн суусунун сол жээгинде (Жыргалаңдын сол куймасы), Каракол-Жыргалаң автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2130 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол шаарынан 14 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 258 км. 1922‑ж. отурукташкан. Калкы 2441 (2022); негизинен мал чарбасында, картөшкө өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, амбулатория, ФАП бар. «Назгүл» нан бышыруучу кичи ишканасы иштейт. Кыштакта комузчу жана элдик композитор Ыбырай Туманов (үй музейи ачылган), советтик чек арачы К. Торгоев (кыштакта бюсту орнотулган) туулган.