АК-БУЛАК - Ноокат районундагы кыштак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-БУЛАК– Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Кыргыз‑Ата айыл аймагына караш­туу. Кыргыз‑Ата суусунун оң өйүзүндө деңиз деңгээлинен 955 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 10 км түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 50 км. Калкы 6 760 (2022); негизинен мал чарбасында, тамекичилик­те эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар.