АК-БУЛАК - Ак-Суу районундагы кыштак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-БУЛАК – Ысык‑Көл облусунун Ак‑Суу районунда­гы кыштак. Ак‑Булуң айыл аймагына караш­туу. Ысык‑Көл ойдуңунун чыгышында, Тескей Ала‑Тоонун этегинде, Түргөн суусунун (Жырга­лаңдын оң куймасы) боюнда деңиз деңгээлинен 2130 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ка­ракол шаарынан 33 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 257 км. 1924‑ж. отурук­ташкан. Калкы 2398 (2022); негизинен мал чар­басында, картөшкө өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, клуб бар.