АК-БЕЙИТ АШУУСУ
Jump to navigation
Jump to search
АК-БЕЙИТ АШУУСУ Ат‑Башы кырка тоосунун батыш учу менен Арпанын Ала‑Тоосунун аралыгындагы белбаскакта (Кара‑Суу, Орток тоолорунун аралыгында) жайгашкан. Бийиктиги 3286 м. Ашуудан Орток жана Кара‑Суу тоолорунун кырлары 200–240 м, Ат‑Башы кырка тоосунуку 300–1100 мге көтөрүңкү жатат. Ат‑Башы өрөөнүн Арпа, Ак‑Сай өрөөндөрү менен байланыштырат. Ал аркылуу Бишкек – Торугарт автомобиль жолу өтөт. Аты ага жакын жердеги күмбөзгө байланыштуу пайда болгон.