АКЫН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКЫН ‒ ыр жазган, ошондой эле дароо төгүп ырдаган адам; чыгармачылык табияты, керемети бийик, устатчылыгы даана таанылган кезде эл тарабынан бериле турган эӊ жогорку атак, наам. «Ырчы» деген сөзгө маанилеш. Кыргыз жана казак элдеринде импровизация түрүндө ыр жараткан төкмө ырчыларды акын деп аташат. Алар ырды эч кандай даярдыксыз, оозеки түрдө дароо жаратат, ырга ылайыктуу обону болот. Обонду ал комуз күүсүнүн коштоосунда аткарат. Демек, акындын чыгармачылыгы, баарыдан мурда, синкреттүү искусство болуп эсептелет. Кыргыз адабиятында акындар поэзиясынын байыртадан келаткан туруктуу салты бар. Абалтан акындар көрөгөч, акылман, чечендер менен теӊ катарда туруп, эл башкарган хан, бектерге акыл кошуп, кеӊешчилик, уруулардын чырын басып, элчилик милдетти аткарган учурлар да кездешет. Акындар чыгармачылыгы бир эле мезгилде элдик театрдын, көркөм адабияттын, фольклордун, тарыхтын да ролун ойноп келген. Кыргыз акындарынын чыгармачылыгын, өмүр жолун, коомдук-социалдык абалын эӊ биринчи кеӊири масштабда изилдеген Тазабек Саманчин акындарды чыгармачылык өзгөчөлүктөрүнө карай: 1) нускоочу акындар; 2) жамакчы акындар; 3) жомокчулар; 4) куудул сөз устаттары деп төрт топко бөлгөн. Акындар баамчыл, ойчул, сүрөткерлик сыяктуу сапаттарды күткөн; өнөрдү оозеки кабыл алып, калыптандырып, турмушта учураган, көзү көрүп турган бардык көрүнүштөрдү көркөм шыдыр ырга айланткан. Алардын мурункудан кийинкиге, устатынан шакиртине өткөн мектеби болгон. Ал өнөрдүн эӊ байыркы түрлөрүнө кирип, көптөгөн доорлордун чыгармачылыгын камтыгандыгы менен баалуу. Төкмө акындар Жеӊижок, Эшмамбет, Барпы, Осмонкул, Токтоналы, Ысмайыл ж. б., Балык, Сагынбай, Найманбай ж. б. төкмөлүк менен «манасчылыкты» жупташтырган. Төкмөлүк менен комузчулукту өнөр туткандарга Музооке, Айдаралы, Коргол; төкмөлүк, күүчүлүк, обончулук, айтуучу, аткаруучулук өнөрдү аркалагандарга Арстанбек, Токтогул, Калык, Алымкул ж. б. кирет. Санатчы же нускоочу акындар өзүлөрү жашаган тарыхый доорун чагылдырып ырдашкан жана ага «Замана» поэзиясынын өкүлдөрү Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо; ашыктык сыяктуу ар кыл тематикадагы ырларды, турмуштук көрүнүштөрдү санат, терме кылып ырдашкандарга Молдо Нияз, Калмырза, Найманбай, Айтыке, Чоӊду, Нурмолдо, Эсенаман, Эшмамбет, Тоголок Молдо, Барпы, Осмонкул; айтуучу-манасчыларга Келдибек, Балык, Нармантай, Тыныбек, Чоюке, Сагынбай; дастанчы айтуучуларга Токтогул, Калык, Саякбай, Актан, Сулайман Конокбай уулу, Алымкул, Сарыкунан мисал. Акындык өнөр ашыктык ырларындай чакан лирикалык ырларды, айтыш өнөрүн, арман-кошокторду, көлөмдүү эпосторду камтыйт. Кыргыз эли жазма адабиятка өткөндөн кийин «Акын» термининин мааниси кеӊейип, орусча «поэт» деген маанини алып, ыр жазган, көбүнчө ыр жазууну кесип кылган адамдар да акын деп аталып калды.


Ад.: Юдахин К. К. О киргизском термине «акын». Сб. статей Академику Гордлевскому. М., 1953; Ысмаилов Е. Акындар. А., 1965. А. Обозканов.