АКШАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКШАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ ‒ даны негизинен акшак даярдоодо пайдаланылуучу өсүмдүктөр. Көпчүлүк акшак өсүмдүктөрү ‒ күрүч, таруу, сорго, конок, чумиза дан өсүмдүктөр уруусуна, кара күрүч ‒ кара күрүчтөр уруусуна кирет. Арпа, сулу, жүгөрү, буурчак жана буудайдан да акшак тартылат. Акшак өсүмдүктөрүнүн даны углевод, белок, витаминдерге бай. Ал ун, крахмал, спирт даярдоодо, үй кушуна жана чочкого, сабагы малга тоют катары пайдаланылат. Өтө баалуу акшак өсүмдүктөрүнүн бири ‒ кара күрүч. Анын акшагы азыктуулугу, даамы, сиӊимдүүлүгү боюнча жогору бааланат, алар жаздык өсүмдүктөр, жылуучул келип бардык өлкөдө эгилет. Күрүч Индия, Нигерия, АКШда; кара күрүч Польша, Болгария, Францияда ж. б.; чумиза, конок Кытайда көп эгилет.