АКЧА РЕФОРМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКЧА РЕФОРМАСЫ ‒ акчанын жүгүртүлүшүн тартипке келтирүү жана акча системасын чыӊдоо максатында мамлекет тарабынан жүргүзүлүүчү мыйзамдуу өзгөртүү. Акча реформасы учурунда баасын жоготкон кагаз акча жүгүртүүдөн алып ташталып, жаӊысы чыгарылат, акча бирдиги же анын алтын куну өзгөртүлөт да, бир акча тутумунан башка акча тутумуна өтүлөт. СССРде 1922‒24-жылдарда бирдиктүү акча системасы түзүлүп, червонец (туруктуу валюта), ошондой эле казына билети, күмүш жана жез монета чыгарылган. 1947-жылы 10:1 эсебинде акча алмаштырылган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин ашык акча жүгүртүүдөн алып ташталып, сомдун күчү жогорулатылган. 1961-жылы акча белгиси жаӊысы менен алмашылган (10:1). Кыргызстан эгемендик алганы, 1993-жылдан тартып, кыргыздын улуттук акчасы ‒ сом пайдаланылат.