АКЦЕССОР МИНЕРАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКЦЕССО́Р МИНЕРАЛДАР (соӊку лат. accessorius ‒ кошумча) ‒ магма жана метаморфизм тоотектеринин курамында аз өлчөмдө (1%тен да аз) кездешүүчү минерал, бирок айрым тоотектерге мүнөздүү да болот. Мисалы: граниттерге ‒ апатит, магнетит, циркон, ортит ж. б., перидотиттерге ‒ хром-шпинелид, жез сульфиддери, никель, темир ж. б мүнөздүү. Эгер, айрым тоотектерде минералдар көп өлчөмдө кездешсе кенташка айланат. Акцессор минералдары аркылуу магматизм процесстеринин өзгөчөлүгүн, тоотектердин бири-бирине тектештигин, пайда болуусун, талкалануу себептерин, тектердин жашын ж. б-ды аныктоого болот.