АКЦЕПТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКЦЕПТ (лат. ассерtus ‒ кабыл алынган) ‒ 1) жарандык укукта сунушта көрсөтүлгөн шарттарга (офертке) ылайык келишим түзүү. Көпчүлүк мамлекеттерде акцепт келишим түзүүнүн бир баскычы катары эсептелет. Акцепт оозеки, жазуу жүзүндө болушу мүмкүн. 2) уюм, ишкана, чарбалар ортосунда акчасыз эсептешүүнүн бир формасы. 3) вексель акцепти ‒ векселди төлөөгө макулдук.