АКУЦИОНОК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКУЦИОНОК Петр Антонович (24. 4. 1922, Белоруссия, Витебск облусу, Шумилино шаарчасы ‒ 1943, Гомель облусу, Лоев шаарчасы) ‒ Советтер Союзунун Баатыры (1943). 1941-жылы Белоруссиядан Кыргызстанга эвакуацияланган завод менен кошо келген. Таш-Көмүрдөгү шахтада иштеген. 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. 685-аткычтар взводунун командири (Борбордук фронт, 65-армия, 193-аткычтар дивизиясы) болгон.

АКУЦИОНОК13.png

Днепр операциясына катышып, эрдик көрсөткөндүгү үчүн Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наамга ээ болгон (өлгөндөн кийин). Лоев шаарчасындагы көчө, Шумилинодогу көчө жана мектеп анын ысмы менен аталат. Ленин ордени менен сыйланган.