АКУСТИКАЛЫК ӨЛЧӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКУСТИКАЛЫК ӨЛЧӨӨ — үн жана чуу чоӊдуктарын мүнөздөө. Ага үндүн күчү, басымы, катуулугу, тембри, термелүү ылдамдыгы, термелүү жыштыгы жана мезгили, басаӊдоо коэффициенти жана ургаалдуулугу, ошондой эле архитектуралык акустикадагы, байланыштагы ж. б-дагы үн өткөргүчтөрдү мүнөздөөчү өлчөөлөр кирет. Үн күчү ‒ үн толкунунун багытына перпендикуляр болгон аянт бирдиги (1 м2) аркылуу өткөн энергиянын санына барабар. Термелүү (толкундун) энергиясы жыштыкка жана термелүү амплитудасына көз каранды, башкача айтканда термелүү жыштыгы жана амплитудасы канчалык чоӊ болсо, үн күчү да ошончолук чоӊ болот (к. Үн). Акустикалык өлчөө үчүн негизинен электрондук аппараттар, мисалы, абада үн басымын ченөөдө микрофон , суюктукта (сууда) гидрофон , чууда чуу өлчөгүч колдонулат.