АКУСТИКАЛЫК ЧУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКУСТИКАЛЫК ЧУУ — гармониялык эмес, ар башка жыштыктагы татаал түзүлүштүү үн. Жаратылышы боюнча акустикалык чуу төрт түргө бөлүнөт: 1) м е х а н и к а л ы к ч у у ‒ катуу нерселердин дирилдөөсүнөн; 2) а э р о - же г и д р о д и н а м и к а л ы к ч у у ‒ кыймылдагы газдардын, буунун жана суюктук басымынын, ылдамдыгынын өзгөрүшүнөн; 3) т е р м и к а л ы к ч у у ‒ жарылуунун же разряддын натыйжасында басымдын кескин чоӊоюп, жылуулуктун өтө тез бөлүнүп чыгышынан; 4) к а в и т а ц и я л ы к ч у у ‒ суюктуктагы аба көбүкчөсүнүн жарылуусунан пайда болот.