АКУСТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКУСТИКАЛЫК МАКТЕРИАЛДАР ‒ имарат бөлмөсүнүн акустикалык сапатын, касиетин жакшыртуу үчүн пайдаланылуучу материалдар. Алар үн жутуучу жана үн өткөрбөөчү материалдар болуп бөлүнөт. Айнек буласынан же минералдык кебезден жасалган тешиктүү текчелер жана акустикалык шыбактоо үн жутуучу материал болуп эсептелет. Полдун, шыптын жана дубалдын арасына коюлуучу асбестоцементтен, жыгач буласынан, борпоӊ пластмассадан жана минералдык кебезден жасалган серпилгичтүү текчелер ‒ үн өткөрбөөчү төшөлмө. Бул материалдар өнөр жай ишканалары ж. б. имараттардын ичиндеги пайда болгон ызы-чууну сиӊирүү үчүн, коомдук жайларда (зал, аудитория, радиостудия) үндүн жакшы угулушун камсыз кылат.