АКУНОВА Айнура Рысбековна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКУНОВА Айнура Рысбековна (15. 9. 1973, Нарын шаары) – педагог. Кыргыз тилин окутуу жана иликтөө боюнча адис. Педагогика илимдеринин доктору (2016). Нарын педагогикалык окуу жайынын башталгыч мектептин мугалими адистигин (1988–1992), Ж. Баласагын атындагы КМУУнун кыргыз филологиясы факультетин (1992–96), Кыргыз тилин окутуунун методикасы багытындагы КМУУнун магистратурасын (1996–98), И. Арабаев атындагы КМУнун аспирантурасын аяктаган (2002–2006). И. Арабаев атындагы КМПУнун филология факультетинде кыргыз тили жана аны окутуунун методикасы кафедрасынын лаборанты (1998–2000), ошол эле жерде сырттан окуу институтунда гуманитардык билимдер кафедрасынын окутуучусу (2000–2002), И. Арабаев атындагы педагогика институтунун башталгыч мектебинде кыргыз, орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын улук окутуучусу (2002–2008), 2009-жылдан доценттин милдетин аткаруучу, 2010-жылдан ошол эле жерде декандын орун басары, окуу иштери боюнча координатор.

Эмг.: 11-класста фразеологияны окутуунун методикасы (Орто мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жана студенттер үчүн). – Б., 2004; Кыргыз фразеологиясын ЖОЖдо окутуунун методикасы (ЖОЖдун окутуучулары жана студенттери үчүн). – Б., 2008.