АКТИНОМЕТРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

[АКТИНОМЕ́ТРИЯ]

АКТИНОМЕТРИЯ (актино... жана метр) ‒ метеорологиянын атмосферада, гидросферада жана жер бетинде күн радиациясынын таралышын, өзгөрүлүшүн изилдөөчү бөлүмү. Түз чачыраган, чагылышкан жана кыска (0,3‒4 мкм), узун толкундуу күн нурлары (узундугу 4‒100 м) менен атмосферадагы радиация балансын сан жана сапат жагынан изилдөө, атмосферада, гидросферада жана жер бетиндеги күн энергиясынын өзгөрүүлөрүн өлчөө ыкмаларын иштеп чыгуу жана керектүү приборлорду жасоо ‒ актинометриянын негизги милдети. Актинометрия атмосфералык оптика жана спектроскопия менен тыгыз байланыштуу. Ошондой эле гелиофизика, атмененын бийик жана жерге жакын катмарын изилдөө физикасы менен жалпы жактары бар. Актинометрия боюнча жүргүзүлгөн эксперименттик, теориялык иштердин жыйынтыктары климатологияда, айыл чарбасында жана өнөр жайда, медицинада, архитектурада, транспортто, аэрологияда ж. б. пайдаланылат.
Ад.: Янишевский Ю. Д. Актинометрические приборы и методы наблюдений. Л., 1957; Кондратьев К. Я. Актинометрия. Л., 1965; Русин Н. П. Прикладная актинометрия. Л., 1979.