АКТИНОИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКТИОНОИДДЕР, а к т и н и д д е р ‒ элементтердин мезгилдик системасынын VII мезгилинен орун алган актинийден кийинки, атомдордун 90дон 103кө чейинки 14 радиоактивдүү химиялык элементтердин тобу. Актиноиддер деп аталышы актиний элементине окшош же анын аналогу дегенди түшүндүрөт. Алардын атомдорунун дээрлик көпчүлүгү, б. а. 93-элементтен баштап алтынчы жана жетинчи деӊгээли туруктуу бирдей электрондордун санын кармап 6s26p67s2, бешинчи же сыртынан санаганда үчүнчү деӊгээлинин f-деӊгээлчелери толтурула баштайт. Кээ бир актиноиддердин окистенүү даражалары бирикмелеринде +4төн +6га чейин жогорулайт, ал эми калган элементтердин мүнөздүү окистенүү даражасы бардык бирикмелеринде +3кө барабар. Сырткы деӊгээлиндеги электрондордун саны өзгөрүлбөй туруктуу болгондуктан, химиялык касиеттери жалпысынан бири бирине окшош. Актиноиддер радиоактивдүү касиетке ээ, кадимки шартта атомдорунун туруктуу изотоптору жок. Көпчүлүк актиноиддер 1950-жылдан кийин, ар кандай элементтердин радиоактивдүү ажыроосунан же жасалма жол менен ядролук реакциялардын негизинде алынган. Актиноиддер ‒ жалтырак ак түстөгү, оор металлдар. Алар жалпы эле металлдарга мүнөздүү касиеттерге ээ. Алардын дээрлик бардыгы суутек, кычкылтек, галогендер, күкүрт, азот, фосфор жана көмүртек менен реакцияга кирет. Атомдорунун радиусу лантаноиддерге караганда чоӊ болгондуктан, айрым учурда окистенүү даражалары +7ге чейин жетет. Айрымдары же алардын изотоптору ядролук реакторлордо жана электр энергиясын алууда колдонулат.

С. А. Казыбаев.