АКТИНИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКТИНИЙ (лат. Actinium, гр. aktis ‒ нур), Ас ‒ элементтердин мезгилдик системасынын III тобунан орун алган радиоактивдүү элемент, аталыш номери 89. Актинийдин туруктуу изотобу жок, радиоактивдүү 10 изотобу (масса сандары 221‒230) белгилүү. Бир кыйла туруктуу изотобу 227 Ас. Актинийди 1899-ж. франциялык химик А. Дебьерн ачкан. Күмүш сымал агыш металл; б. эрүү t 1050±50°С, кайноо t 3300°С, реакцияга тез кирет, абада окистенет, галогендер жана суутек менен оӊой реакцияланат; туз, азот кислоталарында жакшы эрийт. Химиялык бирикмелерде үч валенттүү; туздары ак, эритмеси түссүз. Актиний гидроксиди Ас(ОН)3 лантан гироксидине La(OH)3 караганда негиздик касиетке көбүрөөк ээ. Радий 226Ra изотобун нейтрондор менен ядролук реактордо нурлантууда пайда болот да, экстракция жолу менен бөлүнүп алынат, үч фтордуу актинийди литийдин буусу менен калыбына келтирүүдөн да алууга болот. Илимий-изилдөө иштеринде колдонулат.