АКТИВАЦИЯЛЫК АНАЛИЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКТИВАЦИЯЛЫК АНАЛИЗ, р а д и о а к т и в а ц и я л ы к а н а л и з ‒ элементтердин атом ядросунун активдүүлүгүн жана алардын радиоактивдүү нурлануусун эсептөөгө негизделген сапаттык жана сандык курамын изилдөө ыкмасы. Затты ядролук бөлүкчөлөр же кванттар менен нурландырат. Радионуклиддердин катар номери жана массалык саны анын белгилүү жарым а ж ы р о о м е з г и л и (Т1/2), нурлануу энергиясы боюнча аныкталат. Тигил же бул радионуклиддердин пайда болушуна алып келүүчү ядролук реакциялар белгилүү болгондуктан, баштапкы атом кайсы экендигин аныктоого болот. Аныкталуучу элементтердин белгилүү саны бар үлгү заттын активдүүлүгүн салыштыруу ыкмасы менен аныкталат. Сан анализинде ядролук реакцияга катышкан баштапкы изотоптун санына пайда болгон радионуклиддердин активдүүлүгү пропорциялуу экендигине негизделген ыкмалар колдонулат. Активациялык анализ өзгөчө таза заттарды жана металлдарды, алардын куймаларын анализдөөдө, ошондой эле канды, плазманы жана ткандардагы микроэлементтерди аныктоодо, сот-медициналык экспертизада колдонулат..