АКСЫ ОКУЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКСЫ ОКУЯСЫ ‒ Жалал-Абад облусунун Аксы аймагынын калкынын бийликке карата саясий нааразылык билдирүү акциясы. Бул окуяга КР ЖКнын депутаты Азимбек Бекназаровдун бийликтин саясатына, айрыкча, чек ара (Үзөӊгү-Кууш) маселеси боюнча нааразычылыгынын негизинде мыйзамсыз камалышы жана соттолушу шылтоо болгон. Аксы жергесинде аны коргоо комитети түзүлүп, айыл-кыштактарда бийликтен бул мыйзамсыз окуялардын тез арада чечилишин талап кылган митингдер 2002-жылы 25-январда Кара-Суу, Кара-Жыгач айылдарында өткөрүлгөн. 11-мартта Токтогул районунда А. Бекназаровдун үстүнөн сот процесси башталып, прокурор аны 7 жылга эркинен ажыратууну талап кылат. Бирок элдин нааразычылыгынан улам судья сот өкүмүн угузууну кийинкиге калтырат. 11‒16-март күндөрү Аксынын Кара-Суу, Кара-Жыгач, Жаӊы-Жол айылдарында митингдер өткөрүлөт. Алар райондук, облустук администрация жетекчилеринин элге келишин күтүшкөн. Бирок чакырылгандардын келбегенине нааразы болгон эл Бишкек-Ош жолун тосууну чечишет. Кербенди көздөй жол тарткан митингчилерди Боспиек айылынын тушунан райондук бийлик өкүлдөрү, милициянын атайын бөлүнгөн отряддары тосуп чыгышып, куралсыз элге каршы ок атышкан, 6 адам окко учуп, бир нече адам жарадар болушкан. Бул жолку жүрүшкө аксылыктардан башка нааразы болушкан кара-кулжалыктар менен өзгөндүктөрдүн чыгышы бийликти компромисске барууга аргасыз кылган. Аксы окуясы анык демократия үчүн кандай күрөшүш керек экендигин далилдеген жана аны өлкөдөгү 2005-жылы 24-марттагы болгон окуянын бирден бир себеби катарында кароого болот.