АКСИОМАТИКА ЫКМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКСИОМАТИКА ЫКМАСЫ ‒ кандайдыр бир илимий теорияны түзүү ыкмасы. Бул ыкманын негизинде теориянын аксиомалары деп аталган теориянын негизги баштапкы жоболорунун жардамы менен анын калган сүйлөмдөрүнүн бардыгы аксиомалардын логикалык жыйынтыгы катары алынат. Ал адегенде Евклиддин «Башталыштарында» (б. з. ч. 300-жыл) геометрия негизделгенде жарык көргөн. Н. И. Лобачевский жана Я. Больяйдын 19-кылымдын башында Евклиддик эмес геометрияны ачышы анын өнүгүшүнө түрткү берген. Аксиоматика ыкмасынын негизинде элементардык геометриянын логикалык модели тургузулган (М. Паша, Дж. Пеано, Д. Гильберт). Анын жаӊы деӊгээлдеги өнүгүшү Д. Гильберт негиздеген математиканын негиздериндеги формализм методуна таянган, ал топологияга да таркаган. Аксиоматика ыкмасы каалагандай көптүктө топологиянын аксиоматикалык аныкталышы, топологиялык мейкиндиктин өлчөмү dim, ind, lnd‒ аксиоматикалык аныкталыштары ж. б.

Ад.: Александров П.С., Пасынков Б. А. Введение в теорию размерности. М., 1973.

А. А. Чекеев.