АКСИОМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКСИОМА (гр. аxioma ‒ ылайык табылган, кабыл алынган негиз) ‒ кээ бир математикалык теорияларды түзүүдө далилдөөсүз кабыл алынган математикалык чындык. Кайсы бир аксиомалык теорияны түзүүдө адегенде негизги түшүнүктөр деп аталган аныкталбай турган негизги объектилер жана алардын арасындагы негизги катыштар тандалат. Андан кийин негизги түшүнүктөрдүн ар түрдүү касиеттерин көрсөтүүчү сүйлөмдөр алынат. Аксиома көп кылымдык тажрыйбадан, практикадан, эксперименттен жана илимдин өсүшүнөн келип чыгып, далилдөөнү талап кылбаган чындык катары каралат. Байыркы Грекияда аксиома терминин Аристотель биринчи пайдаланган, кийин ал термин Евклид жана анын ишин улантуучулар аркылуу геометрияга кирген. Орто кылымда аксиома аристотелдик философиядан илимдин башка тармактарына өтүп, андан ары алар аркылуу турмуштук чындык катары кабыл алынган. Математикалык логиканын өнүгүшү аксиома түшүнүгүнүн өсүшүнө түрткү болгон. Аксиома постулат деп да аталат.