АКСИОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search


АКСИОЛОГИЯ (гр. аxios ‒ баалуулук, logos ‒ окуу) ‒ баалуулуктардын табияты, алардын реалдуу турмуштагы орду жана баалуулуктар дүйнөсүнүн түзүлүш курамы тууралуу философиялык окуу, ар кыл баалуулуктардын маданий жана социалдык факторлору, адам топтору менен байланышы жөнүндөгү илим. Терминди илимге 20-кылымда француз философу П. Лапи киргизген. Баалуулук илимий түшүнүк катары И. Канттын философиясында кездешет. Азыркы учурда баалуулуктар курчап турган дүйнөнүн объекттерин, алардын адам, коом үчүн оӊ жана терс маани-маӊызын ачып көрсөтүүчү өзгөчө илимий тармак болуп саналат. Илимий баалуулуктар менен адамгерчилик баалуулуктары кээде бири-бирине шайкеш келишпей калган учурлары да болот. Мисалы, атом бомбасын ойлоп чыгаруу ‒ ири илимий баалуулук, бирок анын колдонуу фактысы гумандуу баалуулук болбойт, адамгерчиликке жатпайт.
Т. Эсенгелдиев.