АКСАРЫ БАШЫЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКСАРЫ БАШЫЛ ‒ адамдар башына оор иш түшкөндө (кыйын оору, кырсык ж. б.) же сүйүнгөндө, тилек тилеп кудай жолуна аталып союлуучу мал. Адеп бул түшүнүк ислам динин кабыл алганга чейин эле пайда болуп, кийинчерээк ал диний мүнөзгө ээ боло баштаган. Аксары башылга союлчу жандыктын өӊү адегенде ак, боз болсо, бара-бара анын түсү ылганбай калган. Аксары башыл ырымы «Манас» эпосунда айкын чагылдырылган. Чыйырдынын толгоосу күчөп, кыйналып жаткан учурда «Алып келип бай Жакып Аксарыбашыл кой чалды, Ай туякка бээ чалды. Ай мүйүзгө уй чалды» деп эскерилет. Азыр да эл арасында аксары башыл атоо учурайт.

                                                                                    А. Кубатова.