АКРОБАТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКРОБАТИКА (гр. akrobates – бутумдун учу менен басам, бийикке чыгам) – 1) гимнастика ти­биндеги спорттук машыгуулар; 2) машыгуулар­дын көп сандаган топторунан (Акробатикалык секи­рүүлөр, аял‑эркектин же эки эркектин, 3‑4 эр­кектен турган топтун машыгуулары, эркек менен аялдын батутта секирүулөру) турган спорт түрү. Акробатика өнөрү Байыркы Египет, Грекия, Рим, Византия, Кытай, Японияда белгилүү болгон. Орто кылымда Акробатиканын кээ бир элементтерин дар­чылар, скоморохтор (Россияда), мимдер (Ита­лия да), жонглёрлор (Францияда) аткарышкан. 17-кылымдын аягынан Акробатика циркте кенен тарала баш­таган. Акробатика күч көрсөтүү, жерде секирүү, ийинде ойноо, икарийлик оюндар, ат үстүндө ойноо болуп бөлүнөт. Анын айрым элементтери цирктин бардык жанрында, хореография өнөрү менен театр оюндарында да кеӊири колдонулат.