АКРИЛ КИСЛОТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКРИЛ КИСЛОТАСЫ, э т и л е н к а р б о н к и с л о т а с ы, СН2=СНСООН – бир негиздүү каныкпаган органикалык кислота. Молеакулалык массасы 72,06, кескин жыттуу, түссүз суюктук, кайноо 1141°С. Сууда, спиртте, эфирде, СНС13тө, бензолдо эрийт. Ал оңой полимерленип, полиакрил кислотасын пайда кылат. Башка карбон кислоталары сыяктуу эле туздарды, хлорангидриддерди, татаал эфирлер­ди, амиддерди пайда кылат. Этилен сымал ко­шуп алуу реакцияларына кирет. Мисасы, суутек, галоген, галогендүү суутек молекулаларын оңой эле кошуп алат. Акрил кислотасы ацетиленди гидрокарбок­силдөөдөн, акролеинди, пропиленди кычкыл­дандыруудан алынат. Полиакрил кислотасын, ион алмаштыруучу чайырларды, каучуктарды, түр­дүү эфирлерди, басмакана боёкторун, лак алуу­да колдонулат.