АКНЕТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКНЕТ (aknet) – бүткүл дүйнөлүк тармак база­сында компьютердик системаларга техникалык кол­доо жана коммуникациялык кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруучу интернет‑сервис провайдер (ком­пьютерди интернетке кошо турган кызмат) ком­паниясы. 1998‑жылы уюшулган. Компания КРдин байланыш жана маалымат технологиясы тарма­гындагы өз иш‑аракетин мыйзам чегинде атка­рат. Интернет тармагына абоненттердин чыгуу­сун КР УИАнын имаратында орнотулган мен­чик, 6м антенналуу спутник байланыш стан­циясы аркылуу жүргүзөт. Акнет компаниясы Москва менен түздөн‑түз спутник каналы ар­кылуу байланышат. Спутник каналына жана ин­тернет тармагына чыгууну, LOCKNEED MARTIN GLOBAL TELECOMMUNICATIONS транснацио­налдык корпорациясынын курамына кирген америкалык BELCOM компаниясы жүргүзөт. Акнет кол­донгон бардык жабдыктар Кыргыз стандартта жана КРдин мамлекеттик байланыш агентчилигинде та­стыкталган. Акнет интернетке 2 топтогу, б. а. бө­лүнгөн зым кермелер жана коммутациялар боюнча чыгат (dialup). Бөлүнгөн зым кермелер боюнча же күнү‑түнү интернетке чыгууну – чоң трафиктүү маалыматты жөнөтүү жолу же менчик маалы­мат ресурстары барлар, интернет провайдерлер корпоративдүү тармакты уюштурууда колдону­шат. Ал эми интернетке такай чыгууда каала­ган жеке колдонуучуларды, офистик жана жергиликтүү тармакты интернетке туташтырууну чечүү, маа­лымат серверлерин бүткүл дүйнөлүк маалымат мейкиндигинин бөлүгү кылуу, алыстагы фили­алдарды тармактын жардамы менен бириктирүү, деги эле өзүбүз үчүн интернет кызматын көрсөтүү ишке ашырылат.
У. Н. Биримкулов.