АКМОЛО ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКМОЛО ОБЛУСУ Россия империясынын курамына кирген Сибирдеги Кыргыз облусу. Өз алдынча административдик-аймактык бирдик болгон. Батыш Сибирдин түштүк-батышында жайгашкан. 1868-жылы 21 (2. 11) октябрда түзүлгөн. Борбору – Омск шаары. Батыш Сибирь (1868–82) жана Талаа (1882–1917) генерал-губернаторлуктарынын курамына кирген. Уезддери: Акмоло, Ат-Басар, Көкчө-Тоо, Омск, Петропавловск. Аянты 582,9 миң км2. Акмоло облусуна 1860-жылы Европадан келген дыйкандар активдүү отурукташа баштаган. Дан эгиндерин өндүрүүнүн (Сибирь казактары жана дыйкандар товар менен камсыздап турушкан) негизги аймагы. Өнөр жай өндүрүшү начар өнүккөн. Акмоло облусунда 20-кылымдын башында завод-фабрикада иштеген жумушчулардын саны болгону 5,5 миңди түзгөн. Облустун соодасы жайма базарларда (19-кылымдын аягында соода жүгүтүүсү 5 млн рубль) жүргүзүлгөн. Акмоло облусунун аймагынан Батыш Сибирь темир жолу өткөн. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында өкмөт казак калкын тылдагы жумуштарга күчтөп салып турушкан. Ошонун негизинде 1916–17-жылдарда Орто Азия көтөрүлүшү чыккан 1918-жылы Омск облусу аталган. А. В. Колчактын өкмөтү мурунку атын кайтарган. Сибирь революция комитетинин токтому менен 1920-жылдын 3-январында Акмоло облусу жоюлуп, анын негизинде Омск губерниясы түзүлгөн. Калкы 1,1 млн (1925). Айыл чарба, көчмөн мал чарбачылыгы, көчмө жана ички жайма базарлары (Кызыл, Ат-Басар) жана соодасы өнүккөн. Акмоло губерниясы 1928-жылы 17-январда жоюлган.