АКМОЛДОЕВА Шайлообүбү

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКМОЛДОЕВА Шайлообүбү Бородоевна (11. 3. 1950‑жылы туулган, Ысык‑Көл облусу, Ак‑Суу району, Маман айылы) – философия илимдеринин доктору (1998). 1972‑жылы Казак мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн. 1973–78‑жылдары КМДТИда, 1979–91‑жылдары КМУУда философия кафедрасында улук окутуу­чу, доцент, 1991‑жылы культурология боюнча кафедра башчысы, 1992–93‑жылдары философия факультетинин де­каны, 1994–96‑жылдары улук илимий кызматкер, социо­логия жана культурология кафедрасында доцент болуп иштеген. Философия тарыхы, маданият­таануу, манастаануу тармактары боюнча адис.
Эмг.: Древнекыргызская модель мира (по мате­риалам эпоса «Манас») Б.,1996; Духовный мир древних кыргызов. Б., 1998.