АКМАТ Рысменде уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКМАТ Рысменде уулу (1891, азыркы Чүй району, Шамшы айылы – 1966, ошол эле жерде) –­ семетейчи, Сагымбай Орозбак уулунун шакир­ти. 1930‑жылдардын аягынан Кыргыз мамлекеттик филармониясында артист, өмүрүнүн акыркы жылдары айылында иштеген. Ал өзүнүн «Семе­тей» айтып калуусун көпчүлүк манасчыларга мүнөздүү кереметтүү түш көрүү салты менен бай­ланыштырат. 1915‑жылы көпчүлүктүн алдында биринчи жолу «Семетейден» үзүндү айткан. 1938-жылы май айында акындардын слётуна ча­кырылып, «Семетейден» айткан үзүндүсү жого­ру бааланган. Акматтын айтуусунда «Манас» эпо­сунан «Манастын Көзкамандардан көргөн жа­мандыгы» (5 500 сап ыр), «Чоң казат» (3 663 сап ыр) эпизодунан үзүндү жазылган жана анын айтуусунда «Үргөнч» деген ат менен «Семетейден» үзүндү өзүнчө китепче болуп жарык көргөн (1941). «Семетей» боюнча жазылган материалдары «Манастын» төрт томдук курама вариантын (1958‑60) чыгарууда толук пайдаланылган.