АКМАТОВ Бекболот

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКМАТОВ Бекболот (1936‑жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Жалпак‑Таш айылы) – хирург, медицина илимдеринин доктору (1989), КРдин эмгек сиңирген врачы. КММИни (1960), ошол эле жерде аспи­рантураны (1969) бүтүргөн. Райондук ооруканада хирург, КММИде ассистент, доцент, профессор, 1991-жылдан кафедра башчысы. Боор жана өт хирургиясы боюнча адис. Анын 90дон ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 9 ойлоп табуусу бар.