АКМАТАЛИЕВ Абдылдажан Амантурович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКМАТАЛИЕВ Абдылдажан Амантурович (15. 1. 1956‑жылы туулган, Нарын шаары) – адабиятчы, сынчы, филология илимдеринин доктору (1990), профессор (1991). Кыргыз Республикасынын или­мине эмгек сиңирген ишмер (1999), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (2000), академиги. Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (2000, 2004). 1977‑жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1977–1978‑жылдары Ош педагогикалык институтунда, 1978–1979‑жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, 1979‑жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже, 1983‑жылдан улук, 1990-жылдан жетектөөчү илимий кызматкер, 1992­–1994‑жылдары Адабият жана ис­кусство институтунун, 1995-­жылдан Манас таануу жана көркөм маданияттын улут­тук борборунун директору. Абдылдажан Акматалиевдин эмгектери манас таа­нууга, кыргыз фольклорис­тикасына, айрыкча Ч. Айт­матовдун чыгармачылыгына ар­налган. Ал өз эмгектеринде адабият таануу илиминде өздөштүрүлө элек жаңы тематикаларды жана проблемаларды изилдеген. Эмгектери орус, казак, англис, француз, кытай, немец, испан, түрк тилдеринде жарыяланган. А. Акматалиевдин жетектөөсү менен кыргыздын бай фольк­лордук мурастарын камтыган «Эл адабияты» се­риясынын 30 томдугу жана «Манас» эпосунун академиялык басылышынын (С.Орозбаков жана С. Ка­ралаевдин варианттары боюнча) 9 томдугу бирин­чи жолу жарык көрдү. А. Акматалиев түзгөн «Улуу инсан­дар», «Залкар акындар» сериясында Асан Кай­гы, Кетбука, Токтогул ырчы, Калыгул, Арстан­бек, Калмурза, Эсенаман, Үмөтаалы, Жеңижок, Солтобай сыяктуу элдик таланттардын чыгар­малары бар. «Комуз күүлөрү» аттуу 125тен ашык музыкалык мурастарды жаздырууга катышкан.

АКМАТАЛИЕВ 147.png

А. Акматалиевдин жетекчилиги менен даярдалган «Кыргыз адаби­ятынын тарыхы» (7 томдук) Кыргыз Республикасынын К. Тыныс­танов атындагы мамлекеттик сыйлыгына (2004) ээ болгон.
Эмг.: Ч. Айтматов жана кыргыз‑казак адабий бай­ланышы. Ф., 1981; Эгиз элдин обону. Ф., 1989; Чың­гыз Айтматов и взаимосвязи литератур. Ф., 1991; Байыркы орток түрк адабиятынын очерки. Б., 2001; Кыргыз фольклору жана тарыхый каармандар. Б., 2002.

А Кадырмамбетова.