АККУМУЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АККУМУЛЯЦИЯ (лат. accum.ula.tio – чогултуу, топтоо) геологияда – геологиялык процесстердин таасиринен талкаланган тоотектердин жана ми­нералдык заттардын, органикалык калдыктардын жер ­бетине же деңиз, көл, суу түптөрүнө топтолу­шу. Алардан кийин диагенездин натыйжасын­да катуу чөкмө тектер пайда болот. Аккумуляциянын жа­нартоо жана чөкмө (седиментация) деген негизги 2 түрү бар. Чөкмөлөрдүн деңиз түбүндө топтолу­шун субаквалдык аккумуляция, кургактагысын субаэрал­дык аккумуляция деп аташат. Аккумуляциянын топтолуу орундары менен пайда болуу себептерине байланыштуу де­ңиз, көл, өзөн, шамал, мөңгү, органоген аккумуляциясы болуп бир нечеге бөлүнөт. Аккумуляциянын натыйжасын­да аккумуляциялык рельеф пайда болот.