АККУМУЛЯТОР
АККУМУЛЯТОР (лат. accumulo – жыйнайм, чогултам) – учуру келгенде пайдалануу максатында электрдик энергия топтоочу түзүлмө, ал батарея деген ат менен да белгилүү. Аларды заряддоонун жүрүшүндө химиялык энергияны электр энергиясына өзгөртүүчү электр‑химиялык элемент колдонулат. Азыркы мезгилде көп таралган коргошун‑кислоталуу аккумуляторду 1859‑жылы франциялык физик Гастон Планте ойлоп тапкан. Топтолгон энергиянын түрүнө жараша аккумулятор электрдик, гидравликалык, жылуулук, инерциялык болуп бөлүнөт. Электрдик аккумулятор электр энергиясын химиялык энергияга айландырып чогултат. Керек болгондо ал энергия химиялык реакциянын негизинде кайра электр энергиясына айландырылып, электр тизмегине берилет. Электрдик аккумулятордун кислоталуу жана жегичтүү деген эки түрү бар. К и с л о т а л у у Аккумулятордун электр кыймылдаткыч күчү жана пайдалуу аракет коэффициенти чоң болгондуктан, кыймылсыз кубаттуу орнотмодо колдонулат. Жегичтүү аккумулятор – жеңил жана жөнөкөй жасалгандыктан транспортто кеңири пайдаланьшат. Гидравликалык аккумулятор суюктуктун же газдын басымын жана чыгымын теңдөө үчүн гидравликалык орнотмодо пайдаланылат. Ж ы л у у л у к аккумулятору өнөр жай орнотмолорун буу жана энергия менен үзгүлтүксүз жабдуу, жылуулук жана күч берүүнү теңдөө максатында жылуулук энергиясын чогултат. Инерциялык аккумулятор сырткы күчтөрдүн кыймылын кинетикалык энергияга айландырып, аны кайра пайдаланат. Мисалы, айлануучу күүлөндүргүч дөңгөлөк.