АККУЛЬТУРАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АККУЛЬТУРАЦИЯ (англ. acculturation, лат. cultura – билим, өнүгүү) – адатта, калктардын маданияттарынын бири‑бирине өз ара таасир этүү процесси; бир элдин маданиятын башка бир элдин бүтүндөй же жарым‑жартылай кабыл алышы. Аккультурациянын төмөндөгүдөй түрлөрү кездешет: 1) жеке адамдардын же топтордун башка мада­ний чөйрөгө ыкташы; 2) коңшу жашаган түрдүү маданий чөйрөлөрдүн бири‑бирине тийгизген таасири; 3) калкынын саны басымдуу, маданий салттары күчтүү элдин майда элдерге тийгизген таасиринен ал элдин маданиятынын өзгөрүүсү. Аккультурациянын натыйжасында жаңы улуттар, маданий системалар пайда болгон. Бул процесс байыр­кы доордон бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. Аккультурация айрыкча, улуу географиялык ачылыштардан кийин ургалдуу жүргөн. Мисалы, Америка конти­нентинин элинин басымдуу бөлүгү аккультурациянын на­тыйжасы. «Аккультурация» термини бара‑бара колдонулбай, анын ордуна «маданий гибриддешүү», «поли­культурализм», «маргинализация» ж. б. менен ал­машылууда.
А.Көчкүнов.