АККРЕДИТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АККРЕДИТАЦИЯ - билим берүү мекемелеринин өзүнүн бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү таалим-тарбия берилгендиги тууралуу документ тапшыруу укугун, борборлошкон мамлекеттик каржылоо системасына кирүү укугун, адистерди контракттык негизде даярдоо укугун алуу. Аккредитация – окуу жайдын кайрылуусу боюнча мамлекеттик, мамлекеттик эмес жана жеке менчик атайын органдар тарабынан жүргүзүлөт. Аккредитация процессинин этаптары: 1) окуу жайдын бардык ишмердүүлүгү же айрым билим берүүчү программалар боюнча окутуучулар, кызматкерлер, администрация тарабынан даярдалган өздүк баалоо процесси. Өздүк баалоонун натыйжасы аккредитациялоо органы тарабынан сунушталган стандарттын жана критерийлердин негизинде отчёт түрүндө даярдалат; 2) Аккредитация жүргүзүүчү органдын эксперттери окуу жайга келип, отчёттун мазмунунда көрсөтүлгөндөрдү реалдуу жүргүзүлгөн иштер менен салыштырат. Администрация, окутуучулар, студенттер, иш берүүчүлөр менен баарлашып, жыйынтыктарды такташат; 3) эксперттик комиссия алынган жыйынтыктардын негизинде окуу жайдын ишмердүүлүгүнө баа берет. Анда окуу жайдагы иштердин ийгиликтери жана кемчиликтери көрсөтүлүп, билим берүү процессин андан ары улантуу же айрымдарын токтотуу жөнүндөгү чечим чыгарылат.