АККОРД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АККОРД (французча accord, латынча accordo – макулда­шуу, үндөшүү) – ар кандай бийиктиктеги бир нече добуштардын бир убакта үндөшүүсү. Аккорд деп адатта добуштары терция добуш аралыгында жайгашкан же жайгашууга мүмкүн болгон үндөштүк аталат. Түрдүү аталыштагы добуштардын аккорд курамына кирген санына жараша үч үндүк (3 добуш), септаккорд (4), нонаккорд (5) жана башкалар болот.

Үч үндүк Септаккорд Нонаккорд