АККОЗИЕВ
АККОЗИЕВ Имиль Акунович (1945‑жылы туулган, Чүй облусу, Кант шаары) – электроника жаатында адис, техника илимдеринин доктору (1999), профессор (1993), КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер. ФПИни (1968), Москвадан МТЖОЖдун аспирантурасын бүтүргөн (1977). Окутуучу, кафедра башчысы, ФПИ, КМКТАУ, КРСУнун проректору, КРдин премьер‑министрлиги аппаратында социалдык‑маданий жактан өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, КРдин Президентинин кеңешчиси (2001‑2005). 50дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 монографиясы жарык көргөн. Алар оптикалык эске тутуучу түзүлүштөрдү иштеп чыгууга арналган. Даңк медалы менен сыйланган (1999).
Эмг.: Оптические накопители цифровой информации (в соавторстве). Б., 1993; Акустооптика и голография: совместное применение для хранения и обработки информации. Б., 2001.